24.08.2018 16:19

КР илимине эмгек сиңирген ишмер Аскар Турсунов дүйнө салды

КР илимине эмгек сиңирген ишмер Аскар Турсунов дүйнө салды

Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Аскар Турсунов кечээ, 23-августта 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 

Аскар Турсунов 1928-жылы 10-январда Чүй районундагы Кегети кыштагында туулган. 1947-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун Кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Аскар Турсунов эмгек жолун 1947-жылы Ош мугалимдер институтунда окутуучу катары баштап, кийин факультет деканы, директордун орун басары, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

1978-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку жана атайын орто билим берүү министри кызматын аркалап, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 10-11- чакырылышынын депутаты да болуп шайланган. 1987-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. 

А.Турсунов илимий-изилдөө ишиндеги жана коомдук иштеги жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын эки Грамотасы, Ардак Грамотасы менен, “За доблестный труд” медалы, “Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

April.kg жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.